Фонд обязательного медицинского страхования
при Министерстве здравоохранения и социального развития Кыргызской Республики
Сводка по COVID-19:
27 июля

Всего: 

159089

Новые случаи: 

969 Выздоровели: 138316

Умерли:

2277 






Нарын шаарында гемодиализ бөлүмү ачылды.

14-4-2021

Нарын шаарында “Вита-Мед Нарын” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан өнөкөт бөйрөк ооруларынын 5 стадиясы менен ооруган оорулуулар үчүн 7 орундуу “Гемодиализ” бөлүмү ачылды. Бөлүмдө Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандар үчүн гемодиализ кызматы көрсөтүлөт. 2021-жылдын 14-апрелинде “Вита-Мед Нарын” жоопкерчилиги чектелген коому менен ММК Фондунун Нарын аймактык башкармалыгы тарабынан келишим түзүлдү. Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооруган бюджеттик гемодиализге өткөн оорулууларга менчигинин түрүнө карабастан гемодиализ кызматы акысыз жүргүзлөт. Ар бир сеанс үчүн ММК Фонду тарабынан 4700 сом өлчөмүндө каржыланат. “Вита-Мед Нарын” жоопкерчилиги чектелген коомуна атайын түзүлгөн комиссия тарабынан жеринде гемодиализ бөлүмүнүн шарты, дары-дармектердин коруму менен таанышып канчалык деңгээлде элге жардам көрсөтө ала тургандыгына баа берилди.

Эгерде медициналык кызмат алууда кандайдыр суроолоруңуздар болсо ММК Фондунун “Ыкчам байланыш 113“ телефонуна акысыз чалсаңыздар болот.