Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын дарыгерлери менен жолугушуу
19-4-2021
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Нарын аймактык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын дарыгерлери арасында 2021-жылдын 20 – апрелинде “Мамлекеттик кепилдиктер программасынын” алкагында жаңы өзгөрүүлөр боюнча маалымат берилди. Ошондой эле камсыздандырылбаган жарандар 1286 сомго ММК Полисин 12 календардык айга, чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн 6 айга жарактуу болуу мөөнөтү менен 7826 сом өлчөмүндө, ал эми 12 айга жарактуу болуу мөөнөтү менен15652 сом өлчөмүндөсатып алып, 5 күндөн кийин даяр болгон ММК Полис менен медициналык кызмат алууда жеңилдиктерди пайдалана ала тургандыктары маалымдалып, берилген суроолорго жооп берилди. Эгерде медициналык жактан суроолор болуп калса, ММК фондунун 113 ыкчам байланыш телефонуна акысыз чалып маалымат алып туруулары эскертилди.