Фонд обязательного медицинского страхования
при Министерстве здравоохранения и социального развития Кыргызской Республики
Сводка по COVID-19:
27 июля

Всего: 

159089

Новые случаи: 

969 Выздоровели: 138316

Умерли:

2277 






Нарын облусунда "Электрондук жеңилдетилген рецепт" маалымат тутуму боюнча окутуу жүргүзүлүүдө

25-4-2021

2021-жылдын 26-апрелинен тартып Нарын облусунда медицина кызматкерлерин жана фармацевттерди «Электрондук жеңилдетилген рецепт» маалымат тутуму боюнча окутуу жүргүзүлүүдө. Кочкор району боюнча ҮДТ/ФАПтардын дарыгерлерине ММК Фондунун кызматкерлери тарабынан окутуу болду.

Окутуунун жыйынтыгында «Электрондук жеңилдетилген рецепт» маалымат тутуму Нарын облусунун аймагында тесттик режими ишке киргизилет. Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча ММК Фонду тарабынан жүргүзүлгөн мониторингдин негизинде ҮДТ/ФАПтар жана облустун аймагындагы келишимдин негизинде иштеген дарыканалардын электрондук рецепттер менен иштөөгө даяр экендиги аныкталат


"Жеңилдетилген электрондук рецепт" медициналык тейлөөнүн сапатын бир топ жакшыртат:
- рецептерди жазып берүү жеңилдейт;
- бейтапка көбүрөөк убакыт бөлүнөт;
- рецепт даарыканага түшкөн соң, ал боюнча маалыматтар эртерээк иштетилип, бейтапка керектелүүчү даарыларды алуу убакыты кыскарат;
- маалымат базасында рецепттер жөнүндө маалымат толукталып турат, ошол себептен рецепттерди жазып берүү жана аларды сатуу боюнча күн сайын, же жума сайын мониторинг жүргүзүп турууга шарт түзүлөт.
Маалымат системасын ишке ашыруу үчүн негизги шарт болуп саламаттык сактоо мекемелери компьютердин жана интернет байланышы менен камсыз болгондугу, андан тышкары бейтаптын 14 сандуу ПИН коду жана ID-картасынын бар болгондугу саналат.
Баардык суроолор боюнча ММК фондунун 113 ишеним телефонуна саат 9.00 дөн 18.00 гө чейин кайрылсаңыз болот.