Фонд обязательного медицинского страхования
при Министерстве здравоохранения и социального развития Кыргызской Республики
Сводка по COVID-19:
27 июля

Всего: 

159089

Новые случаи: 

969 Выздоровели: 138316

Умерли:

2277 






Талас облусунун саламатыкты сактоо мекемелеринин кызматкерлери менен жолугушуу

14-6-2021

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу Фондунун Талас аймактык башкармалыгынын кызматкерлери облус аймагындагы саламаттык сактоо уюмдарында Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана Социалдык өнүктүрүү министрлигинин 2021-жылдын 18-мартындагы №306 буйругу менен айрым чечимдерге түзөтүүлөрдү киргизилгени тууралуу малымат беришти.

ММК полисинин 2021-жылга наркы:

• Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн 12 календардык айга жарактуу мөөнөтү менен 1286 сомду түздү, ММК полисинин мөөнөтү арыз берилген жана анын наркы төлөнгөн күндөн тартып 5 календарлык күндөн кийин күчүнө кирет.

• Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу турган же туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жарандыгы жок жарандарга 6 айга жарактуу болуу мөөнөтү менен 7826 сом өлчөмүндө жана 12 айга жарактуу болуу мөөнөтү менен 15652 сом өлчөмүндө жана наркы төлөнгөн күндөн тартып 5 календарлык күндөн кийин күчүнө кирет.

ММК полиси Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат жана бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарында медициналык кызматтарды женилдетилген шарттарда алууга укук берет. Жана ошондой эле амбулаториялык шартта ҮДТ / ҮМБ / ЖДПБ, милдеттүү медициналык камсыздандырууда камсыздандырылбаган кош бойлуу аялдарга ММК Полиси акысыз берилээри эскертип айтылды.